Премьер-министр Дастан Догоевди жетекчилик кызматка көрсөттү

Премьер-министр Дастан Догоевди жетекчилик кызматка көрсөттү
22-Май 2019, Шаршемби, 14:56

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев берген арызына ылайык 21-майда ээлеген кызматынан бошотулган.

Мыйзамга ылайык, премьер-министр президентке өкмөт мүчөсүнүн бош кызматтык ордуна Жогорку Кеңештин жактыруусу менен 5 иш күнүнүн ичинде дайындоо үчүн талапкерди сунуштайт.

Жетекчилик кызматка көрсөтүлүп жаткан Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) паспорт чыры боюнча сурак берип чыккан.

УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүнүн тендерди жеңип чыккан чет өлкөлүк компания менен кызыкчылык катнашы бар экендигин айткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!