Тилек Токтогазиев: Эркинбек Чодуевди ачык дебатка чакырам!

Тилек Токтогазиев: Эркинбек Чодуевди ачык дебатка чакырам!
28-Май 2019, Шейшемби, 12:23

Жеке ишкер Тилек Токтогазиев айыл чарба тамак-аш жана өнөр жайы министри кызматына талапкер Эркинбек Чодуевди ачык дебатка чакырды.

Жаш ишкер Чодуевди кризиске алып келген эски системанын адамы катары сыпаттап жатат:

Мен быйыл 29 жашка толом. 10 жылдан ашык бизнесте тажрыйбам бар. 2 миң сом менен ишти баштап, азыр миллиондук долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Эл аралык долбоорлорду дагы ишке ашырып жүрөбүз. Жашты карабай, стратегияны, программаны, тажрыйбаны бааласа жакшы болот эле. Мен системанын кишиси эмесмин. Системаны түп тамыры менен өзгөртөм.Тилеке каршы, премьер-министр системанын кишисин колдоду. Ал киши 5 жылдан бери айыл-чарба министрлигинде министрдин орун басары болуп иштеп жүрөт. Кризиске алып келген команда. Булар жоопкерчиликти алыш керек.
Ошол үчүн, мен расмий түрдө Чодуев Эркинбек байкени ачык дебатка КТРКнын эфирине чакырам! Эл өзү тандасын.

Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин “Бир Бол” фракциясы колдоого алган эле. Ал эми өкмөт башчы М. Абылгазиев Чодуевди айыл чарба министри кызматына сунуштады. Ал буга чейин ушул эле мнистрликте орун басар болуп иштеген.

27-майда президент Сооронбай Жээнбеков экономика министри Олег Понкратовдун жана айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин отставкасын кабыл алган. Эки министр тең кызматтан кетүү тууралуу арызын өз ыктыяры менен жазышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!