Дастан Догоев эмне себептен УКМКга сурак берип чыкканын айтты

Дастан Догоев эмне себептен УКМКга сурак берип чыкканын айтты
29-Май 2019, Шаршемби, 11:31

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында өкмөттөгү бош калган кызмат орундарына талапкерлер каралды.

Талкуу учурунда депутат Эмил Токошев Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасынын кызмат ордуна талапкер Дастан Догоевге кайрылып, эмне себептен УКМКга сурак берип чыкканына кызыкты.

“Майдын башында Башкы прокуратура жасалма паспорттор боюнча фигуранттар деп сиздин атыңызды атап, суракка чакырды. Эмне үчүн сиздин фамилияңыз кошулду? Биз кимди шайлаганыбызды билип алалы” – деди депутат.

Депутаттын суроосуна жооп берген Дастан Догоев УКМКга паспорт чыры боюнча “күбө” катары сурак берип чыкканын айтты:

“Мен Мамлекеттик каттоо кызматына 2014-жылы төраганын орун басары болуп дайындалгам. 2014-жылы жаңы технологияларды Мамлекеттик каттоо тармагына киргизүү боюнча атайын өкмөттүн планы бар эле. Ал планда үч негизги багыт бар болчу. Биринчиси, жарандардын биометрикалык базасын түзүү. Экинчиси, калктын бирдиктүү маалымат реестрин түзүү. Үчүнчүсү, биометрикалык жаңы муундагы паспортторду киргизүү. 2018-жылы, 14-февралда Мамлекеттик каттоо кызматынан кеткем. Мен техникалык жана архитектуралык тармагында болуп, даярдоо иш-чараларына жеке катышкам. Ошого байланыштуу бул меселеге УКМКга “күбө” катары маалымат берип чыккам. Азыркы убакта тергөө жүрүп жатат. Тендерди өткөрүү, аны кандайдыр бир андан ары жыйынтыкка чыгарууда менде эч кандай катышуу болгон эмес”

Премьер-министр өкмөттүн аппарат жетекчиси кызмат ордуна Самат Кылжыевдин, экономика министри кызматына Санжар Муканбетовдун, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин, ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштап жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Масалиев: Төраганы кызматынан чакыртып алууну фракцияга сунуштадым
Масалиев: Төраганы кызматынан чакыртып алууну фракцияга сунуштадым
Эл өкүлү  Жанар Акаев 33 жашка чыкты
Эл өкүлү Жанар Акаев 33 жашка чыкты
Ырчы Омар Москвада концерт берет
Ырчы Омар Москвада концерт берет
Назира Айтбекова: Баланын бактысы, күлкүсү бийик турат!
Назира Айтбекова: Баланын бактысы, күлкүсү бийик турат!
Контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар ишке ашырылууда
Контрафактка каршы күрөшүүгө багытталган чаралар ишке ашырылууда
Бек Борбиев
Бек Борбиев "Жаңы жыл жакшы ыр менен" аттуу концертин тартуулайт
Айпери Кубик кызы жолдошунун сүрөтүн жарыялады
Айпери Кубик кызы жолдошунун сүрөтүн жарыялады
УКМК: ​Соттук департаменттин ресурстар башкармалыгынын башчыс​ы кармалды
УКМК: ​Соттук департаменттин ресурстар башкармалыгынын башчыс​ы кармалды
Жарандыкка байланышкан талаштуу мыйзам чыкты
Жарандыкка байланышкан талаштуу мыйзам чыкты
NASA: Марста суу чыгаруу үчүн күрөк жетиштүү
NASA: Марста суу чыгаруу үчүн күрөк жетиштүү
Айдарбеков: Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда 7 макулдашууга кол коюлду
Айдарбеков: Кыргызстан менен БАЭнин ортосунда 7 макулдашууга кол коюлду
Улуу Британияда Консервативдик партия жеңишке жетти
Улуу Британияда Консервативдик партия жеңишке жетти
Түштүктө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду
Түштүктө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду
​Орусиянын бардык клубдары Европа кубогунан ыргыды
​Орусиянын бардык клубдары Европа кубогунан ыргыды
Кыргызстанда төлөм карталарынын саны 2.8 миллиондон ашты
Кыргызстанда төлөм карталарынын саны 2.8 миллиондон ашты
Он бир айда эл аралык резерв 2 млрд долларга жетти
Он бир айда эл аралык резерв 2 млрд долларга жетти