Жанар Акаев: Жаш талапкерлерди душман көрбөй, ишке тарткыла!

Жанар Акаев: Жаш талапкерлерди душман көрбөй, ишке тарткыла!
29-Май 2019, Шаршемби, 13:49

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында өкмөттөгү бош калган кызмат орундарына талапкерлерди дайындоо маселеси каралып жатат.

Депутат Жанар Акаев өкмөт өкүлдөрүнө кайрылып, келечекте министр боло турган жаш кадрларды өкмөт душман катары көрбөй, тескерисинче ишке тартуу зарыл экендигин баса белгиледи:

“Бир министрлик бошосо, эл өзүнүн талапкерлерин түртүп баштады. Анткени, өкмөттөн чын эле элга жакын талапкерлер аз болуп жатат деп ойлойм. Жаш талапкер Тилек Токтогазиев чыгып жатат. Мүмкүн болсо аны душман көрбөстөн, тескерисинче ошол тармакка тартып, келечек үчүн кадр кылып өстүрүп чыкканга сиздер аракет кылышыңыздар керек. Дастан Догоев жөнүндө да коомдук пикир жакшы. Соңку мыкты дайындоолордун бири болуп жатат”.

Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына жаш ишкер Тилек Токтогазиев өзүнүн талапкерлигин көрсөткөн. Ал гана эмес премьер-министр сунуштаган Эркинбек Чодуевди ачык дебатка чакырган. Жаш ишкер Чодуевди кризиске алып келген эски системанын адамы катары сыпаттап жатат.

Премьер-министр өкмөттүн аппарат жетекчиси кызмат ордуна Самат Кылжыевдин, экономика министри кызматына Санжар Муканбетовдун, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына Эркинбек Чодуевдин, ал эми Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Дастан Догоевдин талапкерлигин сунуштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Токтобек Асаналиевден жаңы клип “Таарынтпайм сени” (видео)
Токтобек Асаналиевден жаңы клип “Таарынтпайм сени” (видео)
Эмил Эсеналиев тартылган клипти аз убакытта 70 миңдей көрүүчү көрдү (видео)
Эмил Эсеналиев тартылган клипти аз убакытта 70 миңдей көрүүчү көрдү (видео)
Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгарууну колдойт
Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгарууну колдойт
“Кыз бурак” тобу 40 жылдык мааракесин белгилейт
“Кыз бурак” тобу 40 жылдык мааракесин белгилейт
Гүлжайна Атаканова: Толкунданып жатам, колдооңуздарга ырахмат!
Гүлжайна Атаканова: Толкунданып жатам, колдооңуздарга ырахмат!
Окумуштуулар ашыкча салмактын негизги себебин аныкташты
Окумуштуулар ашыкча салмактын негизги себебин аныкташты
Сагындыңбы чырагым? «Напарниктер 2» тасмасы чоң экранга чыгат (видео)
Сагындыңбы чырагым? «Напарниктер 2» тасмасы чоң экранга чыгат (видео)
Дүйнөлүк банк: Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайышы мүмкүн
Дүйнөлүк банк: Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайышы мүмкүн
Финпол: тергөө менен кызматташкан Бегалиев үй камагына чыгарылды
Финпол: тергөө менен кызматташкан Бегалиев үй камагына чыгарылды
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат"
Чоң жылан кишини муунтуп өлтүрүп коё жаздады
Чоң жылан кишини муунтуп өлтүрүп коё жаздады
Беш миң жаран кесиптик билим алса, алардын 74 пайызы жумуш тапты
Беш миң жаран кесиптик билим алса, алардын 74 пайызы жумуш тапты
Президент:
Президент:"Энергетика тармагы ИДПнын 7 пайызын камсыздайт"
19-октябрь: абанын температурасы +21 градус болот
19-октябрь: абанын температурасы +21 градус болот
Самандан да сапаттуу үй салса болот  (фото)
Самандан да сапаттуу үй салса болот (фото)
Октябрдан баштап баардык каалоочуларга жеңилдетилген ипотека берилүүдө
Октябрдан баштап баардык каалоочуларга жеңилдетилген ипотека берилүүдө