Рыскелди Момбеков: Башкалар айтпаса, мен айтып салам

Рыскелди Момбеков: Башкалар айтпаса, мен айтып салам
31-Май 2019, Жума, 15:21

Бүгүн, 31-майда, Жогорку Кеӊеште «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын экинчи отуруму болду.

Анда депутат Гүлшат Асылбаева бул иште коммерциялык сыр бар экенин айтып, отурумду жабык эшик артында өткөрүү сунушун киргизди. Бирок бул сунушка комисcиянын мүчөсү Рыскелди Момбеков каршы чыкты.

Урматтуу комиссиянын мүчөлөрү! Мамлекеттик жашыруун сыр менен коммерциялык жашыруун сырдын макамы эки башка. Анчалык жашыруунун эмне кажети бар? Жарымын жашыруун, жарымын ачык өткөрөлү дегендерге мен таң калам. Негизги нерселердин бардыгы айтылып, ачылып калган. Коомчулуктан жашырып эмне кылабыз? Азыр жыйын бүткөндөн кийин эле бирөөбүз айтып салабыз. Башкалар айтпаса да мен айтып коюшум мүмкүн. Элде Жогорку Кеңешке, Өкмөткө болгон ишеним ушундай төмөндөп турган кезде журналисттерден бекинип алып жыйын өткөргөндө шылдың эле болобуз. Ачык эле өткөрүш керек”, – деди депутат.

Жыйынтыгында көпчүлүк добуш менен отурум ачык өтмөй болду.

Жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган Өкмөт мүчөлөрү, күч органдарынын жетекчилери катышып жатат. Чакырылгандардын арасынан “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун мурдагы орун басары Эрназар Иманкадыр уулу жана “Ачык өкмөт” эл аралык уюмунун катчылыгынын мурдагы жетекчиси Иманкадыр Рысалиев келген жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Кыргызтелекомго” таандык “КТ Мобайл” компаниясынын артында ким турарын иликтеп жана ал компанияда иштеген кызматкерлердин айлык маянасы боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуштаган.

“КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Имакадыр уулу өзү берген арызынын негизинде кызматынын кеткен. Буга чейин социалдык тармактарда анын айлык маянасы 300 миң сомду түзөт деген маалыматтар тараган. Эрназар Имакадыр уулу бул маалыматты “фейк” деп атап, “КТ Мобайл” компаниясында эң жогорку айлык 157 миң сомду түзөрүн айткан.

“Кыргызтелекомго” караштуу “КТ Мобайл” компаниясы 2003-жылы негизделген. Компанияны ишке киргизүү үчүн өткөн жылдын 3-ноябрында аукцион жарыяланып, “Мегаком” бренди менен таанымал “Альфа Телеком” жабык акционердик коому утуп чыккан.

“КТ Мобайл” компаниясы GSM стандартындагы жыштыкты пайдаланууга лицензиясын алган. Бирок учурда эки компаниянын ортосунда пикир келишпестик жаралып, иш токтоп калган. Келишимге ылайык, «Мегаком” компаниясы 345 млн. сом төлөп берип, компаниянын иши жанданмак. Иштин создукканына “КТ Мобайл” өз алдынча уюлдук оператор болууну көздөп жатканы себеп болгону айтылууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-майда эки компаниянын ортосунда кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөргөн. Жолугушуунун жыйынтыгында «Мегаком» “КТ Мобайл” менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантары белгилүү болду. Бул үчүн «Мегаком» өзүнүн техникалык базасын берип, таяныч оператору болот. Ошентип, «Мегаком» Кыргызстандын рыногунда “Salam” бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун ишке киргизүү милдетин өзүнө алды..

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!