Жанар Акаев: 700 млн доллар акчанын чыгып кеткени боюнча өкмөт реакция кылышы керек

Жанар Акаев: 700 млн доллар акчанын чыгып кеткени боюнча өкмөт реакция кылышы керек
31-Май 2019, Жума, 15:58

Өлкөдөн 700 млн доллар акча каражатынын чыгып кеткени боюнча өкмөт реакция кылышы керек. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламенттин отурумунда сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, коомчулукта катуу талкууланып жаткан маселелерге өкмөт кеч реакция жасап жатат:

“Коом талкуулап жаткан маселелерге өкмөттөн реакция кечирээк болуп жатат. Сөзсүз парламенттен кыйкырып чыгышыбыз керек же “Азаттыктан” Ыдырыс Исаков менен Али Токтакунов бир материал алып чыгышы керек. Коррупция менен күрөшүү – өкмөттүн иши. 700 млн доллардын чыгып кеткени боюнча Финансы полициясы эмне жумуш кылды? Бул акча кимге таандык? Кайдан келген жана эмне болгон акчалар? Коомчулукта азыр бир үй-бүлөнүн акчасы, тагыраак айтканда, Матраимовдордун акчасы деген сөз, талкуу кетти”.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Азаттыктагы" маалымат менен таанышып чыкканын айтып, тийиштүү органдарга тапшырма бергенин айтты:

“"Азаттыктагы" маалымат менен таанышып чыктым. Улуттук банкка, Финансылык чалгындоо кызматына жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына (Финансы полицясы) тапшырма бердим. Үч күн мурун эле чогулуп, Бакир Таировго Матраимовдордун мүлкүн тастыктоо боюнча тездетүү тапшырмасын бергем. Кечээки маалымат боюнча да кошумча бердик. Биздин органдар анализ жасап чыгат. Аны да сиздерге жеткиребиз.”

29-майда Азаттык радиосунун журналистти Али Токтакунов "Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи" деп аталыштагы иликтөөнү алып чыкан. Анда Кыргызстанда чыгарылып кеткен акчалар, анын Матраимовдорго байланышы тууралуу сөз болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР