Жанар Акаев депутаттарга: Премьер-министрдин үйүнө барып кошомат кылгыла!

Жанар Акаев депутаттарга: Премьер-министрдин үйүнө барып кошомат кылгыла!
31-Май 2019, Жума, 17:07

Бүгүн, 31-майда “КТ Мобайл” компаниясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын экинчи отуруму болду. Анда депутат Жанар Акаев айрым депутаттарга кайрылып, өкмөткө жагалданууну токтотууга чакырды.

“Журналисттер мындай кылып жазгыла, депутаттар биринчи айтканга аракет кылып атасыңар” деген сөздөр болбошу керек. Биз бирөөнүн арак заводунда же терек базарында чогулуш кылган жокпуз. Ким кааласа биринчи сүйлөйт, кааласа сүйлөбөйт. Журналисттер дагы эмнени кааласа жазат. Биз муну жазып кой дей албайбыз. Биз этият болушубуз керек. Бул жерден премьер-министрге жагалдануу аракетин кылбашыбыз керек. Сиз (ред. Мухаммедкалый Абылгазиев) үйүңүздүн дарегин берип коюңуз. Каалагандар кой союп, гүл көтөрүп алып ырахматыңарды айта бергиле. Парламент трибунасынан өкмөткө кошомат кылууга мүмкүнчүлүк бербешибиз керек“, – деди Акаев.

Ал кошумчалагандай, депутаттык комиссия коррупциялык схеманы айтып чыккан “Мегакомдун” жетекчиси Акылбек Жамангуловго күнөөнү оодаруу аракети болуп жатат:

“Комиссия ишти катуу баштаганбыз. Бирок мен маанайды байкасам, аягы келип күнөөнү проблеманы айтып чыккан Акылбек Жамангуловго оодарып коюу аракети болуп жатат. Мындай болбошу керек. Биз мындайга жол бербейбиз. Бакиевдин убагындагы "Ак Жол" партиясы үстөмдүк кылган парламенттин кейпине бараткандай түрүбүз бар. Бул абдан өкүнүчтүү. Биз ага да жол бербейбиз”.

Депутат Жанар Акаев “Кыргызтелекомго” таандык “КТ Мобайл” компаниясынын артында ким турарын иликтеп жана ал компанияда иштеген кызматкерлердин айлык маянасы боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуштаган.

“Кыргызтелекомго” караштуу “КТ Мобайл” компаниясы 2003-жылы негизделген. Компанияны ишке киргизүү үчүн өткөн жылдын 3-ноябрында аукцион жарыяланып, “Мегаком” бренди менен таанымал “Альфа Телеком” жабык акционердик коому утуп чыккан.

“КТ Мобайл” компаниясы GSM стандартындагы жыштыкты пайдаланууга лицензиясын алган. Бирок учурда эки компаниянын ортосунда пикир келишпестик жаралып, иш токтоп калган. Келишимге ылайык, «Мегаком” компаниясы 345 млн. сом төлөп берип, компаниянын иши жанданмак. Иштин создукканына “КТ Мобайл” өз алдынча уюлдук оператор болууну көздөп жатканы себеп болгону айтылууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-майда эки компаниянын ортосунда кызматташтыктын талаш маселелерин жөнгө салуу боюнча кеңешме өткөргөн. Жолугушуунун жыйынтыгында «Мегаком» “КТ Мобайл” менен жыштыктарды биргелешип колдонуу боюнча кызматташууну улантары белгилүү болду. Бул үчүн «Мегаком» өзүнүн техникалык базасын берип, таяныч оператору болот. Ошентип, «Мегаком» Кыргызстандын рыногунда “Salam” бренди менен төртүнчү уюлдук байланыш операторун ишке киргизүү милдетин өзүнө алды..

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)