Аида Касымалиева Барак Обама менен баарлашты (видео)

Аида Касымалиева Барак Обама менен баарлашты (видео)
1-Июнь 2019, Ишемби, 14:48

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева АКШнын экс-президенти Барак Обама менен жолугуп, баарлашканын өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазды.

Депутат айым Барак Обаманы кызыктуу, кыйын инсан катары сыпаттады:

“Барак Обама менен жолугушуудан жаңы эле чыгып, сиздер менен бөлүшүп коеюн дедим. АКШнын экс-президенти азыр Оттава, Канадада өтүп жаткан Ачык Өкмөт Өнөктөштүгү глобалдык саммиттин алкагында Аргентина, Эстония, Украина, Кения, Ооганстан, Канададан келген жаш лидерлер менен жолугуп, баарлаштык. Барак мырза мен күткөндөн алда канча кызыктуу, кыйын инсан экен. Бөлмөгө кофесин көтөрүп алып, акырын басып кирип, дароо баарыбызга атыбызды айтып, өмүр бою ар бирибизди билгендей сезим калтырды. Бир саат кантип өткөнүн деле сезбей калдым. Айтор, эмоция көп!

А. Касымалиев ошондой эле Канадада өтүп жаткан саммитте дүйнө жүзү боюнча тандалып алынган лидер аялдар тууралуу тасманын бет ачарына катышып, сөз сүйлөдү. Бул тасмага Касымалиева өзү да тартылган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР