УКМК: Манас Арабаев камакка алынды

УКМК: Манас Арабаев камакка алынды
3-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 11:22

Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Манас Арабаев "коррупция" фактысына шектелүүдө. Бирок кайсы иш боюнча айып тагылганы айтылган жок. Ал 2-июнда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков аны 2018-жылдын 9-февралында президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кылып дайындаган. Көп убакыт өтпөй 2018-жылдын 15-майында “саясий жетекчиликтин ишенимин жоготту” деген жүйө менен кызматтан бошотулган.

Коомчулукта “Манас Арабаев сотторго, соттун чечимдерине басым кылат” деген сындар айтылып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!