Финчалгындоо кызматы: 700 млн долларды чыгарып кетүү фактысы иликтенип жатат

Финчалгындоо кызматы: 700 млн долларды чыгарып кетүү фактысы иликтенип жатат
4-Июнь 2019, Шейшемби, 11:07

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, кеңешменин жүрүшүндө журналисттик иликтөөдө айтылган фактыларды тыкыр текшерүү иштеринин жүрүшү талкууланды.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев иликтөөдө айтылган акча каражаттарын чыгарып кетүү фактылары боюнча ведомствонун корутундусу 2014-жылы Ички иштер министрлигине, 2016-жылы бул корутунду кайрадан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлгөнүн айтты:

«Журналисттик иликтөөдө айтылган компаниялар, адам аттары, өлкөдөн чыгарылган каражаттын суммасы көрсөтүлгөн корутунду аталган мамлекеттик органдарга өткөрүп берилген. Учурда Финансылык чалгындоо кызматы Финансы полициясы менен биргеликте өлкөдөн 700 млн АКШ долларын чыгарып кетүү фактыларын кайрадан иликтеп жатат. Кеп «Дордой» жана "Кара-Суу" базары, ошондой эле Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө акча которуулар тууралуу болуп жатат», – деди ал.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев териштирүүнү тездетүү тапшырмасын берди:

«Тыкыр жана объективдүү тергөө жүргүзүү эле эмес, коомчулукту өз убагында маалымдоо зарыл. Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча далилдерге негизделген, объективдүүлүгү талашсыз, акыркы маалыматтар жарандарга берилүүгө тийиш»

“Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакунов “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөө жасаган. Анда өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондогон акчалар жана анын Матраимовдорго тиешеси тууралуу сөз болгон эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!