Матраимов: Вуфули Бумаилиамунудан фондго 200 миӊ долларга жакын акча түшкөн

Матраимов: Вуфули Бумаилиамунудан фондго 200 миӊ долларга жакын акча түшкөн
4-Июнь 2019, Шейшемби, 16:53

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов “Азаттыкка” чыккан “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсү боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, “Ысмайил ата” фондуна иликтөөдө көрсөтүлгөндөй $2,3 млн. доллар эмес, $200 миӊ долларга чукул өлчөмүндөгү акча которулган.

«Ысмайил ата» атындагы фондуга келип түшкөн бардык каражаттарды текшерип чыгып, биз кайсы бир Вуфули Бумаилиамунудан «Азаттык» жар салгандай дегеле $2,3 млн. доллар эмес, $200 миӊ долларга чукул өлчөмдөгү сумма келип түшкөнүн билдиребиз. Бирок Бумаилиамуну бул акчалардын ээси болуп саналбайт. Бул акчалай каражаттарды кайыр-садака кылган адам бизге, алар сумманы фондго ортомчулук кызмат көрсөтүүлөр аркылуу которушканын кабарлады. Атап айтканда, ким акчаларды кайыр-садака кылганын угузуу үчүн, биз аларды жөнөткөн адамдын макулдугун алуубуз керек. Бизди каралоону токтотуу максатында, мен андан чукул арада ал өзү эл алдында ал каражаттарды кандай муктаждыктарга кайыр-садака кылганын тастыктоосун сурандым»

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрүп, журналисттик иликтөөдө айтылган фактыларды текшерүүнү тапшырды.

Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаев иликтөөдө айтылган акча каражаттарын чыгарып кетүү фактылары боюнча ведомствонун корутундусу 2014-жылы Ички иштер министрлигине, 2016-жылы бул корутунду кайрадан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына өткөрүлгөнүн айтты:

«Журналисттик иликтөөдө айтылган компаниялар, адам аттары, өлкөдөн чыгарылган каражаттын суммасы көрсөтүлгөн корутунду аталган мамлекеттик органдарга өткөрүп берилген. Учурда Финансылык чалгындоо кызматы Финансы полициясы менен биргеликте өлкөдөн 700 млн АКШ долларын чыгарып кетүү фактыларын кайрадан иликтеп жатат. Кеп «Дордой» жана "Кара-Суу" базары, ошондой эле Түркияга жана Европа өлкөлөрүнө акча которуулар тууралуу болуп жатат»

“Азаттык” радиосунун журналисти Али Токтакунов “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөө жасаган. Анда өлкөдөн чыгарылып кеткен миллиондогон акчалар жана анын Матраимовдорго тиешеси тууралуу сөз болгон эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!