Сот Аида Салянованы камакта калтырды

Сот Аида Салянованы камакта калтырды
5-Июнь 2019, Шаршемби, 20:42

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова 26-июнга чейин камакта калды. Мындай чечимди бүгүн, 5-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Соттук жараянга Салянованын жактоочусунан башка адам киргизилген жок. Аида Салянова крим төбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан иш боюнча 3-июнда камакка алынган.

Ал Азиз Батукаев абактан чыгарылган убакта, тагыраагы, 2013-жылы Башкы прокурор кызматында турган.

Азиз Батукаев 2013-жылдын апрель айында «айыккыс дартка чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Ушул жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамиштов аны мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча кылмыш иши кайра жанданганын бышыктап, тиешелүү адамдар суракка чакыртыла турганын айткан эле.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!