Турсунбек Акун «Апрель» телеканалы менен бирге үч гезитти сотко берди

 Турсунбек Акун «Апрель» телеканалы менен бирге үч гезитти сотко берди
6-Июнь 2019, Бейшемби, 16:10

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Апрель” телеканалы менен бирге жергиликтүү үч гезитти сотко берди.

Турсунбек Акун “крим төбөл Азиз Батукаевди абактан бошотуу үчүн анын жакындарынан 100 миң доллар пара алган” деген мааниде жарыяланган материалдар сотко бергенге түрткү болгонун ZAMAN.KG маалымат агенттигине билдирди.

“Мен сөз эркиндиги, демократия деген адаммын. Демократия – бул бирөөнүн укугун тебелегендик эмес да? Албаган жерден алты-жети жолу акча алды деп жазышты. Менин максатым – гезиттерди жаптыруу эмес. Алар далилдей албаса кечирим сурасын. Мен бирөөнүн көрсөтмөсүн аткарган жокмун. Мен журналисттерге улам-улам төгүнгө чыгаргыла деп эскертип жатам. Болбой жатышат”, – деди Турсунбек Акун.

Ал сотко берген үч гезиттин аталышын жана коюлган доонун суммасын айтуудан баш тартты. Бирок аталган ЖМКнын өкүлдөрү пара алганы тууралуу баяндалган материалдарын төгүнгө чыгарса, жазган арызынан баш тарта турганын кошумчалады. Турсунбек Акун 2013-жылы Кыргызстандын акыйкатчысы кызматында турган.

Крим төбөл Азиз Батукаев 2013-жылдын апрель айында айыккыс “дартка чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган. Анын абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча мурдагы экс-башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов учурда камакта жатат.

Мындан сырткары, ушул эле иш боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, Нарын шаарынын мурдагы судьясы Жапар Эрматов да камакка алынды. Ал эми мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева да кармалып, 22-майда үй камагына чыгарылган.

Ушул жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамиштов аны мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча кылмыш иши кайра жанданганын бышыктап, тиешелүү адамдар суракка чакыртыла турганын айткан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Кыргызстан 17,6 млн долларлык сүт азыктарын экспорттоду
Кыргызстан 17,6 млн долларлык сүт азыктарын экспорттоду
Түштүк Корея Кыргызстанга ГЭС курууга ниеттенүүдө
Түштүк Корея Кыргызстанга ГЭС курууга ниеттенүүдө
Бүгүнтөн тартып “Жашыл экономика” жумалыгы башталды
Бүгүнтөн тартып “Жашыл экономика” жумалыгы башталды
Тогуз айда өлкөгө Америкадан 23,4 миллион доллар жөнөтүштү
Тогуз айда өлкөгө Америкадан 23,4 миллион доллар жөнөтүштү
Министр Самат Курманкуловго
Министр Самат Курманкуловго "Эрдик" медалын тапшырды
Кара-Жыгачта №47 кесиптик лицейдин курулушуна капсула салынды
Кара-Жыгачта №47 кесиптик лицейдин курулушуна капсула салынды
Сүйүктүүсүн бычактаган профессор камалды
Сүйүктүүсүн бычактаган профессор камалды
Денеге жагымдуу скраб
Денеге жагымдуу скраб
Комузчу Нурзат Орозалиеваны Ат-Башыда акыркы сапарга узатышат
Комузчу Нурзат Орозалиеваны Ат-Башыда акыркы сапарга узатышат
Дүйнөгө белгилүү соода жайын суу каптады
Дүйнөгө белгилүү соода жайын суу каптады
​Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүсү мүмкүн
​Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Сынак комиссиясы 155 млн сомдон ашуун суммага 19 долбоорду жактырды
Сынак комиссиясы 155 млн сомдон ашуун суммага 19 долбоорду жактырды
Үй очогун жылуу сактап калуунун сырлары
Үй очогун жылуу сактап калуунун сырлары
Президент кадырлуу сыйлыкты уулуна ыйгарды
Президент кадырлуу сыйлыкты уулуна ыйгарды
Актилек Гүлжигит Кызы: “Баары эле “мен журналистмин” дей берген заман болду
Актилек Гүлжигит Кызы: “Баары эле “мен журналистмин” дей берген заман болду"
Бек Борбиев Пишкекте “Эски ырлар кечесин” өткөрөт
Бек Борбиев Пишкекте “Эски ырлар кечесин” өткөрөт