Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырды

Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырды
6-Июнь 2019, Бейшемби, 18:12

Бүгүн, 6-июнунда Түркиянын ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) чакырылды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, министрлик Түркиянын элчисин өз аракеттери менен Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпөөгө, Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын сыйлоого чакырган.


“Сокулук районунун Орок айылында Кыргызстандын жарандарынын ортосундагы тиричилик жаңжалды жөнгө салуу боюнча укук коргоо жана жергиликтүү органдарынын эл менен жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө элчи Женгиз Камиль Фыраттын ошол жерде болушуна байланыштуу түрк тарабына Министрликтин нотасы тапшырылды”, – деп айтылат ТИМ тараткан маалыматта

5-июнда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Сокулуктун Орок айылына барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолуккан эле. Ал журналисттерге элчиликтин кызматкери аталган айылга конокко келгенин, жаңжал чыкканда аны алып кетүүгө келгенин айткан:

"Бул айылда биздин элчиликтин кызматкери жаңжал чыккан жерде болгон болгон. Анын боюнда бар. Элчиге чалып, алып кетүүсүн айтты. Биз өзүбүздүн кызматкерибиз үчүн келдик”

Социалдык тармактын колдонуучулары элчинин бул аракетин өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү аракети катаары баалап, ага чара көрүүнү өтүнүшкөн эле. Женгиз Камил Фырат Түркиянын Кыргызстандагы элчиси кызматына өткөн жылдын 12-январында дайындалган.

(Сүрөт: sputnik.kg)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!