Сагынбек Абдрахманов Алмазбек Атамбаевди сотко берет

Сагынбек Абдрахманов Алмазбек Атамбаевди сотко берет
7-Июнь 2019, Жума, 09:55

КСДП партиясынын төрагасы катары катталган Сагынбек Абдрахманов экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко бере тургандыгын "24.kg" сайтына билдирди. Ал сот аркылуу партиянын мөөрүн жана партияга тиешелүү документтерин алууну көздөп жатканын айтты.

Абдрахманов учурда Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасы эмес экендигин да эскертти. Юстиция министрлиги С. Абдрахмановду партиянын төрагасы катары ушул жылдын 18-апрелинде каттаган.


Бирок Алмазбек Атамбаев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып, КСДПпартиясынын мүчөлөрүнүн бузулган укугун тез арада калыбына келтирүүнү, ошондой эле жасалган кылмышты токтоосуз жана калыс тергөөгө алууну талап кылган.

"КСДП тарабынан юстиция министри Жаманкуловдун жана аталган багытты тейлеген орун басары Есеналиевдин дарегине даярдалып жаткан укук бузуу туурасындагы анык маалымат күн мурунтан жана расмий түрдө жеткирилген. Юстиция министрлиги өлкөнүн экс-президенти жетектеген ири саясий партиянын расмий кайрылуусун көңүлгө алган жок жана ошондой эле акыркы жарым жылда КСДПнын тегерегиндеги кырдаалды коштогон коомдук резонансты ачык эле тоготкон жок

Алмазбек Атамбаев КСДП партиясынын төрагалыгынан жана партиянын курамынан 15-майында кетти. А. Атамбаевдин партиянын төрагалыгынан кетишине "Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргени себеп болгон.

Жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, экс-президент саясий иштерге аралаша албайт. Ал эми партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Асель Кодуранова шайланды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
Евробиримдик Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдойт
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
“Ачка сүрөтчү” 150 миң долларлык бананды жеп алды
Токул Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!
Токул Эльнара Гулиева: “Тишти сакташ үчүн сөзсүз фильтрленген суу ичүү абзел!"
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Кыргызстан СASA-1000 боюнча электр энергиясын экспорттой баштайт
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Батукаев иши: соттук отурум 12-декабрга калды
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
Кыргызстанда тогуз айда 73 миң жумушчу орун түзүлдү
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
ЕАЭБде эң аз айлык акы алгандар кыргызстандыктар
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
11-декабрь: абанын температурасы +15 градуска чейин жылыйт
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Чилиде Антарктидага бараткан аскердик учак кыйрады
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
Паракорчулук: Жылда 1 триллион доллар пара берилет
​Лионель Месси АКШга кетеби?
​Лионель Месси АКШга кетеби?
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Эң көп колдонулган дары-дармектердин тизмеги
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Россия ири спорттук иш-чаралардан 4 жылга четтетилди
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Бишкек-Новосибирск багыты боюнча поезд каттамы иштей баштады
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
Беттеги бырыштардан арылгыңыз келеби?
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)
​Роналдунун уулу балдар футболунун эң мыктысы аталды (видео)