2019-2021-жылдарга карата салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди

2019-2021-жылдарга карата салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилди
10-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 13:03

2019-2021-жылдарга карата Мамлекеттик салык кызматын өнүктүрүү стратегиясы бекитилгенин Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Маалыматта айтылгандай, салык кызматын өнүктүрүү стратегиясында каралган бардык чаралар экономиканын бейформал тармагынан көмүскө агымдарды жана жүгүртүүлөрдү чыгарууга багытталган. Бул салык базасын бир кыйла кеңейтип, салыктык түшүүлөрдү өстүрөт.

2019-2021-жылдарга Салык кызматын өнүктүрүү стратегиясында төмөнкү артыкчылыктуу багыттар аныкталган:

- салыктык башкарууну автоматташтыруу, салык төлөөчүлөр, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен аралыктан өз ара аракеттешүү негизин түзүү;

- көмүскө экономиканы кыскартуунун негизинде ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн атаандаштык чөйрөсүн түзүү;

- ЕАЭБде салыктык башкаруу бөлүгүндөгү интеграциялык процесстерди колдоо;

- салык кызматынын ишмердигин кеңейтүү.

Аталган документти ишке ашыруу башкаруу процедураларын жеңилдетүү жана салыктык милдеттерди салык органдарынын кызмат адамы менен түз байланышсыз, электрондук түрдө аткаруу мүмкүнчүлүгүнүн негизинде салык төлөөчүлөр үчүн бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртууну камтыйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты