Атамбаев кесиптештерин куттуктады

Атамбаев кесиптештерин куттуктады
11-Май 2017, Бейшемби

Президент Алмазбек Атамбаев президенттик жарышта утуп чыккан Түштүк Кореянын жаңы президенти Мун Чже Ин менен Франциянын жаңыдан шайланган президенти Эммануэл Макронду куттуктады.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент куттуктоо телеграммасында кесиптештерине президенттик кызматта ийгилик, эки өлкөнүн элине ынтымак, тынчтык, өнүгүү каалаган.

Ошондой эле Түштүк Корея жана Франция менен алака мындан ары да жакшы нукта улана турганына ишеним арта турганын белгилеген.

Белгилей кетсек, 7-май күнү Эммануэл Макрон Франциянын президенти, ал эми 9-майда Түштүк Кореяда өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоодо Мун Чжэ Ин жеңишке жеткен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!