Премьер-министр Туйгунаалы Абдраимовду иштен алды

Премьер-министр Туйгунаалы Абдраимовду иштен алды
10-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 19:34

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовду кызматтан алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Бирок Өкмөт тараткан расмий маалыматта ал кандай негизде же кайсы берене менен кызматынан алынганы айтылган эмес .

Туйгунаалы Абдраимов “Азаттыкка” курган маегинде кабарчы кыздан кыргыздын кызы катары кечирим суроого даяр экенин билдирген:

“Журналист катары ал кыздан кечирим сурабайм. Бирок кыз катары мүмкүн мен ага туура эмес айтып койдум. Ага кийин өзүнчө жолугуп кечирим сурап коем. Мен айтып коеюн, “Сен жүзүң жакпайт” деген мазактоо эмес. Менин жүзүм бирөөнө жакпайт. Булар жөн эле дуулдатып жатат. Эн негизгиси – бул буйрутма. Ким буйрутма бергенин да айтып берем”

5-июнь күнү Т. Абдраимов Сокулук районунун Орок айылында жаш балдардын арасында болгон жаңжал боюнча Ала-Тоо 24 каналына гана маалымат берип, башка журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан. Ал мунун себебин журналист кыздын жүзүнүн жакпаганы менен байланыштырган.
Социалдык тармактын колдонуучулары азыркыга чейин анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан эле.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!