Туйгунаалы Абдраимовдун ордуна Алтынбек Намазалиев келди

Туйгунаалы Абдраимовдун ордуна Алтынбек Намазалиев келди
11-Июнь 2019, Шейшемби, 12:22

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Алтынбек Намазалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Намазалиев буга чейин Аламүдүн райоунун акими кызматында иштеп жаткан. Облустун жаңы башчысын жамаатка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды.

Өкмөттүн буга чейинки Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов кечээ, 11-июнда кызматтан алынган.

Ал 5-июнь күнү Сокулук районунун Орок айылында жаш балдардын арасында болгон жаңжал боюнча Ала-Тоо 24 каналына гана маалымат берип, башка журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тарткан. Ал мунун себебин журналист кыздын жүзүнүн жакпаганы менен байланыштырган.


Социалдык тармактын колдонуучулары анын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан эле.

Премьер-министр Туйгунаалы Абдраимовду кечээ, 11-июнда кызматтан алды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!