Президент Эдил Байсаловду элчи кылып дайындады

Президент Эдил Байсаловду элчи кылып дайындады
11-Июнь 2019, Шейшемби, 15:53

Эдил Байсалов Кыргызстандын Улуу Британия ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

28-майда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Улуу Британиядагы ыйгарым укуктуу элчисин дайындоо маселесин караган.

Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеӊештин тармактык комитети Эдил Байсаловду Кыргызстандын Улуу Британиядагы ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындоого көпчүлүк добуш менен макул болушкан.

Байсаловдун талапкерлигин Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев сунуш кылган.

Улуу Британияда элчи болуп турган Глнара Искакова кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка 2015-жылы дайындалган. Элчилик кызматка төрт жылдык мөөнөт менен шайланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!