Монголиянын президентин премьер-министр тосуп алды (фото)

Монголиянын президентин премьер-министр тосуп алды (фото)
12-Июнь 2019, Шаршемби, 10:15

Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, расмий сапары менен Кыргызстанга келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Монголиянын президентин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Халтмаагийн Баттулга асмий сапарынын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат. Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Монголиянын президенти ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Монголиянын президентинин катышуусунда Кыргызстандагы Монголиянын элчилигинин ачылышы да өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!