Депутат Рыспаев: Парламентте “чимкириктер” жок. Саясий элиталар отурат

Депутат Рыспаев: Парламентте “чимкириктер” жок. Саясий элиталар отурат
12-Июнь 2019, Шаршемби, 11:39

Бүгүн, 12-июнда көпчүлүк депутаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин парламент тууралуу айткан сөзүнө таарынычын билдирип чыгышты.

Депутаттар төрага Алмазбек Атамбаевдин алдында Жогорку Кеңештин укугун коргошу керек деген пикирлерин ортого салышты. Алардын бири депутат Кожобек Рыспаев парламенттик трибунадан буларды айтты:

“Өзүңөр көрүп жатасыңар, Жогорку Кеңеш эки жолу “чимкирикке” айланды. Коомчулукта сөз кылып жатат, “Жогорку Кеңеш унчукпай эле отура береби?” деп. Сизге төрага катары кайрылып коеюн, Туйгунаалыны өңүң жакпайт дегенде эмне кылды? Аны журналисттер талап, жеп кое жаздады. Экс-президентибиз Жогорку Кеңешти “чимкирик” деп улам-улам айтып жатат. Биз унчукпай отурабыз. Сиз биздин укукту коргошуңуз керек. Ооздон чыккан сөзгө жооп берсин. Бул жерде “чимкириктер” жок. Кыргыз элинин элиталары отурабыз, саясий элиталар отурабыз”.

Алмабек Атамбаев тарапташтары менен бирге 8-июнь күнү "Медиа-Форум" ишканасынын алдында митинг өткөргөн. Ал жерден Атамбаев: “Мен сүйлөбөгөндө анан чимкириктер сүйлөмөк беле?” – деп айткан эле.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!