Рыскелди Момбеков: Не деген мамлекет, не деген өкмөтпүз?

Рыскелди Момбеков: Не деген мамлекет, не деген өкмөтпүз?
13-Июнь 2019, Бейшемби, 11:00

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бүгүн, 13-июнда парламенттен алыскы чаткалдыктардын чатак маселесин, токтогулдуктардын тоодой маселесин көтөрдү. Анына айтымында, жергиликтүү эл эки нерсеге нааразы.

Биринчиси, жергиликтүү кен казган компания менен жергиликтүү тургундарын алакасы. Экинчиси, компанияда иштеп жаткан кызматкерлеринин айлык маянасы.

“12 саат иштеген жергиликтүү элге 14 миң сомдон айлык берет экен. Кумтөрдө ушундай эле иштеген жергиликтүү эл 50-60 миң сом айлык алат. Эмне үчүн ишке бериле элек Жерүйдө сегиз саатка 30-40 миң сомдон айлык алат? Ушуну жөнгө салып койсо болот да?” – дейт эл өкүлү.

Депутат чаткалдыктардын маселесин ушул өкмөт убакытка чейин чечпей келгенине нааразы болуп: “Кара-Суунун аялдары Путинге кайрылып жатышса, Чаткалдыктар Шавхат Мирзиеёвге кайрылып жатышса, не деген мамлекет, не деген өкмөтпүз?” – деди ал.

“Өткөн жумада Чаткал, Ала-бука, Аксы, Токтогул райондоруна сапар тартып, карапайым элдин кабарын алып, армандарын артып келдим эле. Өкмөт өзүнүн өгөй баласындай көргөндүктөн, жергиликтүү тургундар Өзбекстандын президентине кайрылабыз деп айтып жатышат. Айласыз арманын айтышты. Мындай жагымсыз жаңылыкты мени жандап барган өкмөттүн өкүлдөрү да угушту. Алдымда жүргөн аким да укту, артымда жүргөнУКМКнын агенттери да укту. Эми ойлоп көрсөңүз, Кара-Суунун аялдары Путинге кайрылып жатышса, Чаткалдыктар Шавхат Мирзиеёвге кайрылып жатышса, не деген мамлекет, не деген өкмөтпүз?”

Рыскелди Момбеков жергиликтүү тургундар эртеңки күнүн ойлоп, экологияга да кабатыр болуп жатканын айтты. Ал чачылма алтын казуу боюнча 157 лизензия бар экенин, карапайым эл ирээтке келтирүүсүн талап кылып жатканын кошумчалады.

Өткөн жылдын 6-декабрында Чаткал районундагы “Эти Бакыр Терексай” компаниясы менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыгып, кармоолор менен коштолгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан жаран аныкталды
Массалык башаламандык боло тургандыгы жөнүндө билдирүү тараткан жаран аныкталды
Роналду зордуктоо менен айыптаган кызга пара бергендигин айтты
Роналду зордуктоо менен айыптаган кызга пара бергендигин айтты
Бишкекте таштандыларды жыйноо боюнча акция өтөт
Бишкекте таштандыларды жыйноо боюнча акция өтөт
Өмүрбек Бабановго айып салынды
Өмүрбек Бабановго айып салынды
​Хабиб Нурмагомедовдун UFC келишими аяктайт
​Хабиб Нурмагомедовдун UFC келишими аяктайт
Баланын акыл-эсин өстүрүүчү азыктар
Баланын акыл-эсин өстүрүүчү азыктар
Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактык долбоорлорго багышталды
Кепилдик фондунун каражаттарынын 78% аймактык долбоорлорго багышталды
Эртең Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Эртең Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт
Кыргыз-казак төкмөлөрү күч сынашат
Кыргыз-казак төкмөлөрү күч сынашат
Бүгүн Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат
Бүгүн Жогорку сотто Текебаев менен Чотоновдун иши каралат
Бишкек - Дели - Бишкек авиакаттамы ишке кирди
Бишкек - Дели - Бишкек авиакаттамы ишке кирди
Бийликтен четтеген президент ханзаададан  акча алганын моюнуна алды
Бийликтен четтеген президент ханзаададан акча алганын моюнуна алды
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 7 айда 4,5 млрд сомдук 369 долбоорду каржылады
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 7 айда 4,5 млрд сомдук 369 долбоорду каржылады
“Көчмөндөр модасы – 2019” шоу-фестивалы башталды
“Көчмөндөр модасы – 2019” шоу-фестивалы башталды
Трамп көк тиреген имараттарды салбай турган болду
Трамп көк тиреген имараттарды салбай турган болду
Балага кантип туура багыт берүү керек?
Балага кантип туура багыт берүү керек?