Алмазбек Атамбаевдин экс-президент наамын алуу боюнча комиссия түзүлдү

Алмазбек Атамбаевдин экс-президент наамын алуу боюнча комиссия түзүлдү
13-Июнь 2019, Бейшемби, 18:22

Бүгүн, 13-июнда парламенттин жыйынында Алмазбек Атамбаевдин экс-президент нааамын алуу үчүн Жогоку Кеңештин атайын комиссиясы түзүлдү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарларлагандай, жыйындын жүрүшүндө атайын комиссиянын курамы бекитилген. Ага КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, «Республика – Ата Журт» фракциясынан Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Алтынбек Жунус уулу, «Бир Бол» фракциясынан Бактыбек Турусбеков, «Ата Мекен» фракциясынан Каныбек Иманалиев кирди.

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу, аны жоопко тартуу маселеси кечээ 12-июнда көтөрүлдү. Төрага Дастан Жумабеков баш болгон бир нече депутаттар Алмазбек Атамбаевдин митингде сүйлөгөн сөздөрүн сынга алышып, ага тиешелүү укуктук баа берүү сунушун айтышкан эле.

Алмазбек Атамбаев 2011-2017- жылдары президент болгон
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР