Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзиньпин 18 документке кол койду (тизме)

Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзиньпин 18 документке кол койду (тизме)
14-Июнь 2019, Жума, 09:55

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай лидери Си Цзиньпин менен стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү тууралуу биргелешкен декларацияга кол койду.

Ошондой эле Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында өткөн эки мамлекеттердин башчыларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча 18 документке кол коюлду. Алардын негизгилерин атап өтөлү:

- Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандан Кытайга сүт азыктарын экспорттоо боюнча протокол;

- Балды экспорттоо боюнча протокол;

- Алчаны экспорттоо боюнча 2017-жылы кол коюлган протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү;

- Буудай унун экспорттоо үчүн фитосанитардык талаптар жөнүндө протокол;

- Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги ортосундагы экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу макулдашуу;

- Кытайдын Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жаатында кызматташуу тууралуу меморандум;

- Метеорология жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

- Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен Кытайдын Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук башкармалык (CNIPA) ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум ;

- ИИМ үчүн техникалык-материалдык жардам берүү тууралуу өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу актысы;

- Экономика министрлиги менен Кытай мамлекетинин коммерция министрлиги ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу меморандум;

- Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик менен КЭР коммерция министрлиги ортосундагы инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо, инвестициялык кызматташтык жана өнөр жай кызматташтыгы боюнча иш тобун түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

- Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорун (2-фаза) ишке ашыруу жөнүндө протокол;

- Эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө макулдашуу;

- “Ичүүчү таза сууга жетүү” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жөнүндө Кыргызстан менен менен Кытайдын ортосунда каттарды алмашуу.

Бүгүн 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өтүүдө. Ага ШКУга мүчө болгон өлкөлөрдүн башчылары катышып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР