ШКУ: өлкө башчылардын жыйыны башталды

ШКУ: өлкө башчылардын жыйыны башталды
14-Июнь 2019, Жума, 11:32

Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчылары бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чогулушту.

Мамлекет башчыларын Кыргызстандын президенти президенти Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Биргеликте сүрөткө түшүү аземинен соң делегация өлкө башчылары тар курамдагы жыйынына багыт алышты.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Имран Хан, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев катышууда.

Бүгүн, 14-июнда Бишкекте ШКУнун кезектеги саммити өтүп жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР