ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту

ШКУ: мамлекет башчылар Бишкек декларациясына кол коюшту
14-Июнь 2019, Жума, 17:01

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Бишкекте өткөн кезектеги саммити аяктады.

Президент Сооронбай Жээнбеков жылдан жылга ШКУнун ареалы кеңейип жатканын белгилеп, Кыргызстан ШКУнун 2025-жылга чейинки Өнүктүрүү стратегиясындагы милдеттерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурарын айтты:

“Ар бир мамлекет өз добушуна ээ жана чечим биргелешип, консенсус менен кабыл алынат. Жылдан жылга ШКУнун ареалы кеңейип жатат. Биз биргеликте Евразиядагы макулдашылган, жооптуу жана маанилүү чечимдерди кабыл алуунун борборун түзүп жатабыз. Өтүп кеткен жыл ШКУнун негизги принциптеринин кыйышпастыгын көрсөттү. Биз эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүп жатабыз. Уюмдун ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча активдүү иш жүргүзүлгөн. Кыргызстан өзгөчө экономикалык жакка басым жасалган ШКУнун 2025-жылга чейинки Өнүктүрүү стратегиясындагы милдеттерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурат”, – деди президент.

Самиттин алкагында ШКУ уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары Бишкек декларациясына кол коюшту. Ошондой эле ”ШКУ-Афганистан” байланыш тобунун жол картасы, саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтык тууралуу чечимдерге кол коюулуп, ШКУнун катчылыгы менен дүйнөлүк туристтик уюм ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө, Бириккен Улуттар Уюмунун Тамак аш жана айыл чарба уюмунун меморандуму кабыл алынды.

Мындан сырткары, терроризмге каршы түзүм, дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтыктар эске алынып, жалпы 30 документке кол коюлду.

Кийинки саммит 2020-жылы Орусия өлкөсүндө өтмөй болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты