Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча милдеттерди биргелешип чече алабыз

Жээнбеков: Тынчтыкты сактоо боюнча  милдеттерди биргелешип чече алабыз
15-Июнь 2019, Ишемби, 15:13

Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча алдыбыздагы милдеттерди биргелешип чече алабыз. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Тажикстандын Душанбе шаарында Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин жыйынында айтты.

Мамлекет башчысы белгилегендей, Кыргызстан өз ара ишенимди жана аймактык коопсуздукту бекемдөө боюнча кеңешменин максаттарын жана принциптерин бекем карманат:

«Биз бешинчи саммиттин коопсуз жана азыркыдан да гүлдөп-өнүккөн аймакка бирдиктүү көз караш күн тартибин кубаттайбыз. Бул тема тынчтыкты, туруктуулукту камсыз кылууга жана азыркы дүйнөдөгү өнүгүүгө биздин кошо турган салымыбызды чагылдырат»

Президент ошондой эле Кыргыз өлкөсү глобалдык коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча Бириккен Улуттук Уюму (БУУ) башында турган жалпы ишке өз салымын кошууга умтулуп жатканын белгилеп өттү. Ал кошумчалагандай, кеңешменин чакырылышына негиз болгон себептер Борбор Азия үчүн мурдагыдай эле актуалдуу бойдон калууда:

«Кыргыз Республикасы кандай гана түрдөгү болбосун терроризмди жана экстремизмди чечкиндүү айыптайт. Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштүн активдүү катышуучусу катары биз тийиштүү мамлекеттик программа кабыл алганбыз. Биздин өлкөдө терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү үчүн мамлекеттик органдар менен бүтүндөй коомдун биргелешкен аракеттеринин алгоритми аныкталган»

Сөзүнүн аягында С. Жээнбеков уюмдун ролу, кадыр-баркы мындан ары карай бекемдеп, анын актуалдуулугу өсө берерине ишеним артаарын билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!