ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн

ИИМ: Атаханов Батукаевди бошотууга Атамбаевдин тиешеси бар экенин көрсөткөн
17-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 18:29

Мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов крим төбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тиешеси бар экендигин көрсөткөн.

Мындай маалыматты Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Мырзалы Жумабаев депутат Каныбек Иманалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

“Тергөө учурунуда мурунку өкмөттүн вице-премьер-министри Шамиль Атаханов боюнча биз текшерүүлөрдү жүргүздүк. Ал өзүнүн сурак протоколунда "Батукаевди бошотууга Атамбаевдин катышы бар, тапшырма берилген" деп көрсөтүп кетип жатат”, – деди Жумабаев

Бүгүн, 17-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин ажыратуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын алгачкы отуруму өттү.

Комиссиянын мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевди “бир нече ири долборлорду ишке ашырууда коррупцияга жол берген, анын саясатына каршы чыккан коомдук ишмерлерди, журналисттерди куугунтукка алган. Бишкек ЖЭБ, Тарых музейин реконструкциялооду коррупциялык иштерге аралашкан” деген айыптаптарды коюп жатышат.

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин ажыратуу маселеси 12-июнда көтөрүлдү. Төрага Дастан Жумабеков баш болгон бир нече депутаттар Алмазбек Атамбаевдин митингде сүйлөгөн сөздөрүн сынга алышып, ага тиешелүү укуктук баа берүү сунушун айтышкан.

Алмазбек Атамбаев 2011-2017- жылдары президенттик кызматты аркалаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!