Президент УКМКга жаңы төраганы дайындады

Президент УКМКга жаңы төраганы дайындады
18-Июнь 2019, Шейшемби, 16:25

Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июнда кол койду.

Орозбек Опумбаев бугай чейин ушул эле кызматтын төрагасынын биринчи орун басары кызматында иштеп жаткан.

УКМКнын мурдагы төрагасы Идирис Кадыркулов паспорт чырына байланыштуу өзү берген арызынын негизинде 15-майда кызматынан бошотулган.

Сүрөт: Sputnik.kg

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР