Жаңы дайындалган министрлер ант беришти

Жаңы дайындалган министрлер ант беришти
19-Июнь 2019, Шаршемби, 10:13

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган министрлер ант беришти. Ага президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты.

Жогорку Кеңеш премьер-министр тарабынан сунушталган экономика министри кызматына Санжар Муканбетовдун, айыл чарба министри кызматына Эркинбек Чодуевдин, өкмөттүн аппарат жетекчиси кызматына Самат Кылжыевдин жана маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына Дастан Догоевдин талапкерлигин жактырган.

Мухаммедкалый Абылгазиев кызмат ордуна сунушталган талапкерлердин билими да, тажрыйбасы да жетиштүү экенин айтып, өзүнүн милдеттерин милдеттерин татыктуу аракалап кете ала турганын билдирген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР