Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?

Жолдошбаев Байкоочу кеңешке:Түлөө  өткөргөндө силерге кандай жилик тийди эле?
19-Июнь 2019, Шаршемби, 16:14

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңеш Байкоочу кеңештин КТРКнын 2018-жылдагы иши жөнүндө отчету угуп жатат.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеевге кайрылып, КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбеков кызматынан кетип жатканда түлөө өткөргөнүн айтып, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү эмне жилик алганына кызыкты.

“Илим Карыпбеков кетип жатканда корпорацияны чогултуп алып тай союп, түлөө берип кетирген дейт. Ошондо силерге кандай жилик тийди эле? Ошону айтып берсеңиз?” – деди депутат.

Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев депутат айтып жаткан сөздөрдү курулай ушак деп баалады:

“Мунун чындыкка эч кандай жакындыгы жок. Бул жөн эле ушак айың сөздөр. Бизге эч ким тай союп, түлөө өткөргөн эмес, колллективдин ичинде андай болгон жок”.

КТРКнын азыркы Байкоочу кеӊешинин курамы 2017-жылдын апрель айында Жогорку Кеӊеш тарабынан шайланган. Байкоочу кеӊешинин курамы 15 мүчөдөн турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!