Депутаттар Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча токтом кабыл алды

Депутаттар Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча токтом кабыл алды
20-Июнь 2019, Бейшемби, 15:59

Бүгүн, 20-июнда парламент “Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу жана ага күнөө коюу” маселесин карады.

Натыйжада экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча токтом долбоору добуш берүүгө коюлуп, жыйынга катышкан 105 депутаттын 100ү "макул", калган бешөө "каршы" деген добуш беришти.

Демилгелүү топтун айыптоосунда Алмазбек Атамбаев президент болуп туруп, бийликтин бардык бутактарын өзүнүн кызыкчылыгына пайдалануу менен уюшкан кылмыштуу топ түзгөндүгү, Жогорку Кеңештин депутаттарын, судьяларын, коомдук ишмерлерди, ошондой эле журналисттерин анын режимине каршы чыккандыгы үчүн куугунтукка алып, репрессияга туш кылгандыгы көрсөтүлгөн.

Депутат Жанар Акаев депутаттарга кайрылып, эгер парламент өз убагында мыйзамсыз иштерге каршы турса, азыркыдай окуялар болбойт эле деп эскертти.

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин ажыратуу маселеси 12-июнда көтөрүлдү. Төрага Дастан Жумабеков баш болгон бир нече депутаттар Алмазбек Атамбаевдин митингде сүйлөгөн сөздөрүн сынга алышып, ага тиешелүү укуктук баа берүү сунушун айтышкан.

Атамбаев баштаган КСДП партиясы бул айыптоолорду “чуулгандуу корруцпиялык иштерден элдин көңүлүн башка жакка буруу аракети” катары сыпаттап жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты