«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү
21-Июнь 2019, Жума, 16:37

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Бул чечим Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасын өркүндөтүү максатында кабыл алынган. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

«Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коому мыйзамдарда белгиленген тартипте уставдык капиталына мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен түзүлүүдө.

Акционердик коомдун уставдык капиталы бир акциясы 100 сом номиналдык наркы менен 100 миң жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн 10 миллион сом өлчөмүндө аныкталды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!