Жээнбеков: План аткарбаган мамлекеттик органдарга тиешелүү чара көрүү керек

Жээнбеков: План аткарбаган мамлекеттик органдарга тиешелүү чара көрүү керек
21-Июнь 2019, Жума, 17:52

Бюджетке жыйымдарды тапшыруу боюнча планды аткарбаган мамлекеттик органдарга карата биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча тиешелүү чара көрүү керек.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл аланганда айтты.

Министр Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, сот-укуктук реформаны ишке ашыруу жана өлкөнү санариптештирүү боюнча долбоорлор өз убагында каржыланууда. Республиканын ар бир райондук борборунда 3 чакырым жолду куруп, оңдоп-түзөөгө каражаттар бөлүндү.


Мындан тышкары министр 2019-жыл ичинде орто мектептердин мугалимдерине айлык акысын жогорулатуу пландалып жатканын маалымдады.
Ошол эле убакта ал республикалык бюджетке салыктык жана бажылык жыйымдары боюнча артта калуу байкалууда.
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик финансыларды натыйжалуу, жоопкерчиликтүү жана ачык-айкын башкаруу өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүн камсыздоо үчүн негиздердин бири болушу керектигин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Мамлекеттик ипотекалык компанияга калкка ипотекалык насыяларды берүүнү жандантуу үчүн акча каражаттарын тез арада бөлүп берүү зарылдыгына көңүл бурду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!