Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу арыз Конституциялык палатага жиберилди

Атамбаевдин кол тийбестигине  байланыштуу  арыз Конституциялык палатага жиберилди
26-Июнь 2019, Шаршемби, 12:13

КСДП фракциясынын депутаттары Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова жана Карамат Орозова экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тибестигин алуу боюнча токтомду жокко чыгаруу боюнча Конституциялык палатага арыз менен кайрылышты.

Партиянын юристи Нурбек Касымбеков экс-президенттин макамы жөнүндө мыйзам өткөн мезгилге иштейбей турганын жүйө келтирүүдө. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев экс-президент макамын 2017-жылдын 24-ноябрында, "президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамы иштеп турган учурда алган жана анда экс-президентти жоопкерчиликке тартуу каралган эместигин билдирди.

Башкы прокуратура экс-президентке коюлуп жаткан калган 5 айыптоодо кылмыш белгилери бар деген тыянак чыгарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР