Башкы прокурор: Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголгон жок

Башкы прокурор: Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголгон жок
27-Июнь 2019, Бейшемби, 12:51

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголгон жок. Бул тууралуу башкы прокурор депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин учурда кол тийбестиги алына элегине байланыштуу ага кылмыш ишин козгоо мүмкүн эмес.

“Бүгүнкү күндө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголду деген маселе жок. Мыйзам талабы ушундай. Тергөө аракеттеринин бардыгы жүргүзүлгөндөн кийин ага Атамбаевге айып угузуу боюнча жетиштүү далилдер табылса, прокурор “кылмышка шектүүсүң “ деген билдирме берилгенден баштап кылмыш иши козголгон болуп эсептелинет. Биз ал процедураларга жете элекпиз”

Бүгүн, 27-июнда Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу маселеси каралып жатат. Башкы прокурор экс-президентке депутаттык комиссия коюп жаткан алты айыптоонун бешөөсүн негиздүү деп тапты. Тактап айтканда, журналисттерге, жарандык активисттерге, коомдук ишмерлерге жана саясатчыларга басым көрсөтүү, аларга каршы доо арыз бергени боюнча айып коюуга негиз жок деп тапты.

Алмазбек Атамбаев өзүнө коюлган айыптоолор боюнча билдирүү тараткан.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР