Парламент Алмазбек Атамбаевди “экс-президент” макамынан ажыратты

Парламент Алмазбек Атамбаевди “экс-президент” макамынан ажыратты
27-Июнь 2019, Бейшемби, 14:16

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевдин “экс-президент” макамын ажыратуу маселесин карады.

Жыйында экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусун 103 депутат жактырып, 6 депутат каршы болду.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Алмазбек Атамбаевге коюлган алты айыптын бешөөсүн негиздүү деп тапты. Алар:

Кой-Таш айылындагы жерди мыйзамсыз алганы;
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу;
ЖЭБди жаңылоодогу коррупция;
ЖЭБге көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргогону;

Инвестициялык "Ака инвест", "Хуасинь" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бар болушу мүмкүндүгү.

Ал эми Алмазбек Атамбаев өз кызыкчылыгы үчүн бардык бийлик бутактарынан уюшкан кылмыш топ түзүп алып, ага каршы сүйлөгөндөрдү куугундуктады деген айыптоого катыштыгы жок экенин айтты.

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу, аны жоопко тартуу маселеси 12-июнда көтөрүлдү. Төрага Дастан Жумабеков баш болгон бир нече депутаттар Алмазбек Атамбаевдин митингде сүйлөгөн сөздөрүн сынга алышып, ага тиешелүү укуктук баа берүү сунушун айтышкан эле

Алмазбек Атамбаев өзүнө коюлган айыптоолор боюнча билдирүү таратты..

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР