ИИМ: Туристтик сезон маалында коопсуздукту 4000ден ашуун милиция камсыздайт

ИИМ: Туристтик сезон маалында коопсуздукту 4000ден ашуун милиция камсыздайт
27-Июнь 2019, Бейшемби, 17:20

Жайкы туристтик сезон маалында туристтердин коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо максатында 4000 ашуун милиция кызматкерлери менен 800 ашуун ыктыярдуу элдик кошуундар тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, чет өлкөлүк туристтер менен иштөө жана алардын коопсуздугун камсыздоо жана мыйзамга байланышкан маселелер боюнча жардам көрсөтүү үчүн Ысык-Көл ОИИБде туристтик милиция түзүлдү.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери фото-видеону фиксация кылган видео-регистраторлор, радардык жабдуулар менен камсыздалган. Келип түшкөн маалыматка ыкчам аракет көрүү үчүн “100” кыска номуру менен 0703 63 09 00 телефон номурларына күнү-түнү кайрылуу үчүн түзүлдү. Бардык обоненттер үчүн чалуулар акысыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР