УКМК: Алмазбек Атамбевди кайтарган күзөт кызматкерлери алынган жок

УКМК: Алмазбек Атамбевди кайтарган күзөт кызматкерлери алынган жок
28-Июнь 2019, Жума, 10:38

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кайтарган мамлекеттик күзөт кызматкерлери Кой-Таштан алынган жок. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

“Алмазбек Атамбаевди коопсуздугун кайтарган күзөт кызматкерлеринин саны мурункудай эле калат. Зарыл болгон учурда УКМК анын коопсуздугун сактоого кошумча күчтөп берүүгө даяр”, – деп айтылат маалыматта.

Буга чейин айрым интернет сайттар Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн кайтарган күзөт кызматкерлери бүгүн таңга жуук алынганын жазып чыгышкан.

Кечээ депутаттар Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алып салышты. Башкы прокурор экс-президентке коюлуп жаткан алты айтыптын бешөөсүн негиздүү деп тапты.

Экс-президент өзүнө коюлган айыптарды “жалган жалаа” деп баалап келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР