Президент премьер-министр менен өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын талкуулады

Президент премьер-министр менен өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын талкуулады
28-Июнь 2019, Жума, 14:31

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-июнда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолукту.

Анда өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча чаралар, пенсияларды жогорулатуу жана социалдык тармактын кызматкерлерине айлык акыларын көбөйтүүнүн көлөмдөрү жана мөөнөттөрү талкууланды.

Президент аймактык өнүгүү, санариптештирүү, анын ичинде салыктык процедураларды фискализациялоо жана «Түндүк» ведомство аралык электрондук системаны киргизүү, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи фазасын ишке ашыруу боюнча чараларды тездетүү зарылдыгына көңүл бурду.

Ал ошондой эле республикалык бюджеттин толтурулушу боюнча пландык көрсөткүчтөрдү толук көлөмдө аткаруу жана мамлекеттик казынанын чыгаша бөлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

«Казынанын киреше бөлүгүн толук эмес аткарган мамлекеттик органдардын жетекчилери жеке жоопкерчилик тартышы керек», — деди президент.

Мындан тышкары, райондук борборлордо жолдорду оңдоо, Түндүк-Түштүк, Бишкек-Кара-Балта, Ош-Баткен-Исфана-Худжант жана башка республиканын негизги автожолдорун куруунун жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Премьер-министр Президент көңүл бурган багыттардын бардыгын ишке ашыруу катуу көзөмөлгө алынаарын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты