Камакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаев кайын энесинин тажыясына катышуу үчүн бүгүн, 6-июлда Чүйдөгү Таш-Дөбө айылына барды.
Партиянын катчылыгы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылып, тажыяга катышуу үчүн Текебаевге уруксат берүү жөнүндө өтүнүч жөнөткөн эле.
Маркум менен коштошуу зыйнатына "Ата Мекен" партиясынын депутаттары да катышты.
Өмүрбек Текебаевдин кайын энеси Бүбүкан Турдуева 5-июлда 77 жашында көз жумду.
Сүрөт: Азаттык