ЕККУнун Кыргызстандагы макамы өзгөрдү

ЕККУнун Кыргызстандагы макамы өзгөрдү
12-Май 2017, Жума

Кыргызстан Европа коопсуздук жана келишим уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги миссиясынын макамы программалык кеңсе болуп кайра түзүлүп, 1-майдан баштап аңы статус боюнча иштей баштады.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева журналисттер менен брифингде маалымдады.

Анын билдиришинче, расмий Бишкектин мындай кадамга барышы өткөн жылдын сентябрь айында Варшавада эл аралык издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровго уюм тарабынан трибуна берилгени себеп болгон.

Буга байланыштуу өкмөт ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн макамын өзгөртүп, программалык офиске айлантуу керектигин айткан. Уюмдун бул жоругу кескин сынга алынып, Тышкы иштер министрлиги нааразычылык нотасын жиберген.

ЕККУ коопсуздук боюнча дүйнөдөгү чоң уюм. Анын максаты куралдуу күчтѳрдү көзөмөлдөө, жарандын укугун коргоо, эркин сүйлѳѳ жана таза шайлоо болуп эсептелет. ЕККУ Бириккен улуттар уюмунун атайын уюму болуп конфликттик, кризистик, постконфликттик реабилитациялоо боюнча иш жүргүзѳт. Кыргызстан ЕККУга 1992-жылы мүчө болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!