​Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келет

​Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келет
10-Июль 2019, Шаршемби, 15:50

Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин расмий иш сапары менен Кыргызстанга 12-июль күнү келет. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык, 12-июль күнү "Ала-Арча" резиденциясында коңшу өлкөнүн өкмөт башчысы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!