“Азаттык” боюнча доо арыз артка кайтарылат

 “Азаттык” боюнча доо арыз артка кайтарылат
12-Май 2017, Жума
  • Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага «Азаттык медиа» мекемесине карата доо талаптарын артка алуу маселесин кароону сунуштады.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин “Азаттык үналгысына "президенттин ар-намысын булгаган жалган маалыматтарды тараткан" делген фактылар боюнча Башкы прокуратура тарабынан доо арыз берилген болчу.

Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, «Эркин Европа»/ «Эркиндик Радиосу» медиакорпорациясынын президенти Томас Кенттин жеке өтүнүчү боюнча ушул жылдын 30-мартында президент Алмазбек Атамбаев менен Томас Кенттин ортосунда жолугушуу болгон. Анда өлкөдө болуп жаткан окуяларды чагылдырууда теӊ салмактуулукту жана калыстыкты камсыз кылуу, журналистикада бир жакка тартпоо маселелери, айрым журналисттердин ким бирөөлөрдүн кызыкчылыктарын көздөйт деген ойлордун жаралыш себептери талкууланган. Жолугушуудан кийин «Азаттык» радиосунун эфирине чыккан жана анын интернет-сайтына жарыяланган материалдарда теӊ салмактуулук жана калыстык камсыздалып, оӊ көрүнүштөр болду.

Жогоруда айтылгандарды эске алып, президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурорго «Азаттык медиа» мекемесине карата доо талаптарын артка алууну сунуштады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!