​Сооронбай Жээнбеков бүгүн иш сапары менен Москвада болот

​Сооронбай Жээнбеков бүгүн иш сапары менен Москвада болот
11-Июль 2019, Бейшемби, 11:00

Сооронбай Жээнбеков бүгүн кыска иш сапары менен Москвада болот. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Швейцариядан кайтып келе жатып, президенттин учагы Москвага конот. Ал Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушат.

Эки өлкөнүн лидерлери кандай маселелерди талкуулай турганы кабарланган жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!