Жамшитов: Батукаевди Кыргызстанга алып келүүнү Орусиядан сураганбыз

Жамшитов: Батукаевди Кыргызстанга алып келүүнү Орусиядан сураганбыз
13-Авг. 2019, Шейшемби, 15:51

Кримтөбөл Азиз Батукаевди Кыргызстанга алып келүүнү (экстрадициялоо) Орусиядан сураганбыз. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

“Батукаев азыр жазасын өтөп Орусияда камакта жатат. Аны экстрадициялоону сураганбыз. Орусия: “Бизден жазасын өтөп бүтсүн, анан кийин маселени карайбыз”, – деп жооп берди. Ошол боюнча бул маселе чечилбей турат”, – деди ал.

Башкы прокурор Орусиянын башкы прокуратурасы менен тез-тезден кат алмашып турганын да кошумчалады. Бирок Орусияга акыркы жолу качан кат жөнөткөнүн так айта алган жок:

“Азыр так айта албайм, 5 ай болдубу, 6 ай болдубу. Орусиянын башкы прокуратурасы менен эл аралык катташуу бөлүмү бар. Биз тез-тезден кат алмашып турабыз”.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Кой-Таштагы үйүнөн колго түшүп берүүгө макул болгон. Ал Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланышкан иште шектүү катары үч жолу суракка чакырылган.

Бүгүн Алмазбек Атамбаевге бир нече оор беренелер менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
Путин 128 миң аскер катышкан машыгууну көрдү
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
100 жаштан ашкандардын саны 71 миңден ашты
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
Эртең абанын температурасы +35°C чейин ысыйт
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
АКШлык генерал: Керек болсо космостон кол салабыз
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
Бишкекте жол кырсыгынан бир аял каза болду
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
​Соцтармак: Айсулууну жогору деңгээлде тосуп алалы!
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Бишкекте эртең эл аралык марафон өтөт
Америка жер астына мунай сактайбы?
Америка жер астына мунай сактайбы?
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Криштиану Роналдуну бекер бургер менен баккан аял табылды
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
Бишкектин Токтогул көчөсүндө убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
​Чуулгандуу мушкер Конор Макгрегор октагонго кайтып келет
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
“ТС Групп” компаниясынын башкы директору Айсулуу Тыныбековага батир белек кылды
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбекованы жеңиши менен куттуктады
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
​Кыргыздын кыраан кызы дүйнө чемпиону болду (видео)
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты