Министр Жунушалиев Атамбаевди кармоо операциясына канча кызматкер тартылганын айтты

Министр Жунушалиев Атамбаевди кармоо операциясына канча кызматкер тартылганын айтты
13-Авг. 2019, Шейшемби, 16:07

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына 1300 ИИМдин кызматкери катышты. Бул тууралуу Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

“Атайын техникалар колдонулган жок. Беш жерден тосулган тосмолорду алыш үчүн бир гана суу аткыч техникалык каражат колдонулду. Мени менен биргеликте 1300 кызматкер болду” – деди министр.

7-август күнү Алмазбек Атамбаевди мажбурлап суракка алып келүү иш-чарасында УКМКнын бир атайын багыттагы кызматкери каза таап, бир нече кызматкер жаракат алган. Эртеси ИИМден кошумча күчтөр тартылган эле.

Бүгүн Алмазбек Атамбаевге бир нече оор беренелер менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!