ИИМ: Курсан Асанов кызматтык ордун таштап, пиар менен алектенген

ИИМ: Курсан Асанов кызматтык ордун таштап, пиар менен алектенген
14-Авг. 2019, Шаршемби, 08:52

Ички иштер министрлиги Курсан Асановдун кызматтан алынышынын толук себебин түшүндүрдү.

Маалыматка караганда, Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары менен Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев эки жолу сүйлөшүүнү жүргүзгөн. Сүйлөшүүнүн негизи максаты кан төгүлбөстөн Атамбаевдин колго түшүп берүүсүн жана бардык маселелер укук талаасында чечиле тургандыгын белгиленген. Бирок Атамбаев сүйлөшүүнүн шарттарына макул болгон эмес. Ал атышууга даяр экендигин айткан. Ошондо Кашкар Жунушалиев атышуу жакшылыкка алып барбастыгын баса белгилөө менен өз эрки менен колго түшүп берүүсүн айтып, абалды курчутпоону талап кылган жана Атамбаевге 10 мүнөт убакыт берген.

Сүйлөшүү жүргүзүп жаткан учурда экс-президенттин жанында Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов, эки жансакчысы жана 25-30 жаштардагы жаш жигит болгон. Кундуз Жолдубаева: “Биз чыкпайбыз, каршылык көрсөтөбүз”,– деп айткан. Ошондон кийин гана штурм жасаганга мажбур боло тургандыгы эскертилип, дагы 3 мүнөт убакыт берилген.

Үйдүн ичиндеги Атамбаев жана анын тарапташтары министрдин койгон талаптарына макул болуп чыгууга даярданып калган кезде Курсан Асанов өзүнө бекитилип берилген коомдук тартипти сактоо боюнча сыртттагы кызматтык ордун таштап, Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткен.

Түшүндүрмөдө айтылгандай, Курсан Асанов кызматтык ордун таштап пиар менен алектенип, өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип окуялардын жүрүшүн тарттырган.

“Курал-жарактарды кармаганга болбостугун, аны криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала тургандыгын, фото-видео тартууларды атайын кызматкерлер гана тарта тургандыгына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталып, анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болгон”, – деди ИИМ.

Ал эми Курсан Асанов кызматтан алынышы боюнча билдирүү тараты. Ал өзүнө байланыштуу маселенин баары ачыкка чыга турганын айтып, өлкөнүн жана абийиринин алдында ак экендигин баса белгиледи.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Аялдар иштегенге болбой турган кесиптер аталды
Аялдар иштегенге болбой турган кесиптер аталды
234 жүргүнчүнү аман алып калган учкучка эң жогорку наам ыйгарылды
234 жүргүнчүнү аман алып калган учкучка эң жогорку наам ыйгарылды
Балдарына документ албаган ата-энелерге салынган айыппулду алып салуу сунушталды
Балдарына документ албаган ата-энелерге салынган айыппулду алып салуу сунушталды
Тойдогу дрифт: мэрия айдоочуга 7500 сом айып пул салды (видео)
Тойдогу дрифт: мэрия айдоочуга 7500 сом айып пул салды (видео)
Тырмагыңыз жана чачыңыз сынып жатабы?
Тырмагыңыз жана чачыңыз сынып жатабы?
Жээнбеков: «Манас айылы» борбор калаанын маданий дөөлөтү боло алат
Жээнбеков: «Манас айылы» борбор калаанын маданий дөөлөтү боло алат
ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок
ИИМ: Мирбек Айтикеев кармалган жок
Инстаграмда жаңы мүмкүнчүлүктөр орун алат
Инстаграмда жаңы мүмкүнчүлүктөр орун алат
Адамдар социалдык желеде кайсы тармакка убактысын көп коротот?
Адамдар социалдык желеде кайсы тармакка убактысын көп коротот?
Бишкекте жети көчөнүн ремонту мөөнөтүнөн эрте бүттү
Бишкекте жети көчөнүн ремонту мөөнөтүнөн эрте бүттү
Аба ырайы: Өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт
Аба ырайы: Өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаайт
Кыргызстанга чочун паспорт менен кирүүгө аракет кылган жаран кармалды
Кыргызстанга чочун паспорт менен кирүүгө аракет кылган жаран кармалды
Тамырдын согушунун өзгөрүп турушу кандай факторлорго байланыштуу?
Тамырдын согушунун өзгөрүп турушу кандай факторлорго байланыштуу?
​Эне жүрөгү: Нурмагомедовадун апасы уулунун мелдештерин көрбөйт
​Эне жүрөгү: Нурмагомедовадун апасы уулунун мелдештерин көрбөйт
“Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз” аттуу иш-чара өтүп жатат
“Пикеттин эмес, китептин аянтын курабыз” аттуу иш-чара өтүп жатат
Алмазбек Атамбаев камакта калды
Алмазбек Атамбаев камакта калды