Курсан Асановго кылмыш иши козголду

Курсан Асановго кылмыш иши козголду
14-Авг. 2019, Шаршемби, 12:24

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратура билдиргендей, 7-8-августта болгон Кой-Таштагы окуяда Курсан Асанов ИИМдин өзүк курамын башкаруусуз калтырып, коркунучка кептеген. Ошондой эле ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиевдин талаптарын жанан көрсөтмөлөрүн аткарбай койгон.

“Курсан Асанов тарабынан кылмыш-процессуалдык мыйзамдар да сакталган эмес. Ал иш боюнча далил боло ала турган буюмдарды жаап-жашырган. Кызматтык иликтөөнү карап чыгып, “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Сотко чейинки өндүрүштү Аскер прокуратурасы алып барат”, – деди Башкы прокуратура.

Кечээ, 13-августта ИИМдин ички иликтөө кызматы, Курсан Асановдун 7-8-августтагы окуялардагы ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында “кыргыз милициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылды” жана “ишенимден кетти” деген негизде кызматынан бошотулган. Ал эми Курсан Асановдун орунда Памирбек Асанов дайындалганы белгилүү болду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Таиров: 80 тонна өрдөк эти өрттөлүп жок кылынган
Таиров: 80 тонна өрдөк эти өрттөлүп жок кылынган
Кыргызстандын жарандыгынан 929 киши чыгарылды
Кыргызстандын жарандыгынан 929 киши чыгарылды
“Сүйөм сени жаным!”. Депутат Канат Исаев кыздуу болду
“Сүйөм сени жаным!”. Депутат Канат Исаев кыздуу болду
Ырчы Ислам Акматов сүйүктүүсүнө баш кошту​
Ырчы Ислам Акматов сүйүктүүсүнө баш кошту​
Каниметов: Быйыл мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 иш козголду
Каниметов: Быйыл мыйзамсыз паспорт берүү боюнча 36 иш козголду
​Пеле: «Мен Месси менен футбол ойногум келет»
​Пеле: «Мен Месси менен футбол ойногум келет»
Кыргызстанда көмүрдүн баасы кымбаттап жатат
Кыргызстанда көмүрдүн баасы кымбаттап жатат
Тогуз айда 460 миңдей кыргызстандык 22 млрд сом насыя алды
Тогуз айда 460 миңдей кыргызстандык 22 млрд сом насыя алды
Президент:
Президент:"Чокморов өзгөчө инсандын үлгүсүн көрсөттү"
Илим Карыпбеков качан жана кайсы жерде ырдаш керектигин айтты
Илим Карыпбеков качан жана кайсы жерде ырдаш керектигин айтты
Эмил Эсеналиевдин катталуучулары 1 миллионго жетти
Эмил Эсеналиевдин катталуучулары 1 миллионго жетти
Айдана Дека кичинекей балдар үчүн бий тобун ачты
Айдана Дека кичинекей балдар үчүн бий тобун ачты
Саймаитиге кыргыз паспортун берүү боюнча иш сотко жөнөтүлдү
Саймаитиге кыргыз паспортун берүү боюнча иш сотко жөнөтүлдү
​Криштиану Роналдунун бизнес империясы (видео)
​Криштиану Роналдунун бизнес империясы (видео)
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Экологиялык таза продукцияларды экспорттогон өлкө болобуз"
Футбол көрүп жатып өмүрүнөн айрылды
Футбол көрүп жатып өмүрүнөн айрылды